3-сентябрга дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү
02 сентября 2017
Бүгүн, 2-сентябрда, 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо боюнча добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү жүргүзүлдү.
Добуш берүүчү жайдан тышкары жерде добуш берүү боюнча бардыгы болуп 193 шайлоочудан арыз түшкөн болсо, анын ичинен 176 шайлоочу добуш берди.
Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 1-июлундагы №125 Жарлыгынын негизинде, ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо дайындалган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 19-июлундагы №131 Жарлыгынын негизинде, Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы айылдык кеңеш тарабынан шайланбай калгандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешин депуттатарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинин, Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай, Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңештеринин депутаттарын шайлоо жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2017-жылдын 3-сентябрына дайындалган.
2017-жылдын 3-сентябрында болуучу жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча Ош облусунун Кара-Суу районунун Кара-Суу шаардык кеңешинде бирдиктүү 1 шайлоо округу, 6 шайлоо участкасы; Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Терек-Сай айылдык кеңешинде 3 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы; Тогуз-Торо районунун Тогуз-Торо айылдык кеңешинде 2 шайлоо округу, 3 шайлоо участкасы; Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде 4 шайлоо округу, 4 шайлоо участкасы түзүлгөн. Жалпы 9 шайлоо округ, 16 шайлоо участкасы түзүлгөн.
Шайлоочулардын тизмесине жалпы 19 455 шайлоочу киргизилген. 19 181 шайлоо бюллетендери даярдалып, шайлоо комиссияларына өткөрүлүп берилген.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
