КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы эл аралык дагы 54 байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.
Аккредитациядан КМШ Аткаруу Комитетинин төрагасы - Аткаруу Катчысы Сергей Лебедев башында турган КМШ Аткаруу Комитетинин байкоочулары, Элчи жана Миссиянын башчысы Александр Кельчевский жетектеген Демократиялык институттар жана адам укуктары Бюросу/ЕККУнун эл аралык байкоочулары жана башкалар аккредитациядан өтүштү.
Бүгүнкү күнгө чейин КР Борборшайлооком эл аралык 61 байкоочуну аккредитациядан өткөргөн.
Эл аралык байкоочулардын толук тизмеси менен бул шилтемеден таанышсаңар болот.
КР БШКнын аппаратынын маалыматык бөлүмү