Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
30 августа 2017
2017-жылдын 30-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер А.Мадумаровду каттоо маселеси каралды.
«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкер тарабынан төмөндөгү документтер тапшырылган:
- Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
- өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
- мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Талапкер А.Мадумаров КР Борбордук шайлоо комиссиясына 42 303 кол тамгаларды тапшырды, Кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топ 36 128 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
КР БШКнын 2017-жылдын 30-августундагы №401-токтомуна ылайык Адахан Мадумаров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
