​​​​​​​КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.А. Бекназаровдун кол топтоо барактарын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө” кол топтоо барактарын кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобунун Протоколун бекитти

28 августа 2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнөн жарандардын 56 439 колдору түшкөн.

Кол коюлган барактарды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундуларына ылайык 5 014 кол ишенимсиз жана жараксыз болуп табылган. Бул кабыл алынган колдордун санынан 25 070ти түздү.

Кол коюлган барактарды текшерүү боюнча Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, 31 369 колдор анык деп табылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү