КР БШК Кыргыз Республикасынын жараны С.Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигинен баш тартуу арызын карады

26 августа 2017

2017-жылдын 26-августунда КР БШК  Кыргыз Республикасынын жараны С.Абдрахмановдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигинен баш тартуу арызын карады. 
КР БШК “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, С.Абдрахмановдун арызын канааттандырып жана документтерин кайтарып берүү токтому кабыл алды. 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү