Башкы Жаңылыктар Бишкекке КМШ Штабынын Миссиясы келди, 20-сентябрдан баштап ишин …

Бишкекке КМШ Штабынын Миссиясы келди, 20-сентябрдан баштап ишин баштайт

Бишкекке КМШ Штабынын Миссиясы келди, 20-сентябрдан баштап ишин баштайт
25-Авг, 2017

Бишкекке КМШ аткаруу комитетинин байкоочулар Миссиясынын ишмердигин камсыз кылуу бөлүмүнүн начальниги Евгений Слобода  келди. 
Бүгүн Борборшайлоокомдо Е.Слобода КР БШКнын төрагасы Н. Шайлдабекова менен жолукту. 
Тараптар 2017-жылдын 15-октябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо Миссия Штабынын ишмердигине байланышкан маселелерди талкуулашты. 
Миссия Штабынан расмий өкүлү Е.А. Слобода эл аралык байкоочу катары мониторинг кылууга чакыргандыгы үчүн  Н.Шайлдабековага ыраазычылык билдирип, ошондой эле КМШ Штабыныын Миссиясы 20-сентябрдан баштап, алдыдагы мамлекет башчысын шайлоодо байкоочулук кылуу иштеринде Миссия өзүнүн ишмердигин  Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарынын чегинде жүргүзөөрүн билдирди. 
Е.Слобода бүгүнкү технологияны колдонуу менен шайлоо жыйынтыгын бурмалоону жокко чыгарган, Кыргызстандагы шайлоо системасындагы ишке ашып жаткан реформага жогору баа берди.
Ошондой эле республика боюнча АШК менен УШКнын бири бирине шайкеш  келген  иштери белгиленди:борбордон баштап алыскы айылдарда коюлган АСУ боюнча добуш берүү отчету (автоматтык эсептөө урнасы) Борборшайлоокомдун борбордук серверине саналуу мүнөттөн кийин гана түшөт жана шайлоочулар добуш берүүнүн жыйынтыгы менен түз эфирде тааныша алышат.
 КМШдагы Миссия Штабынын өкүлү Евгений Александрович, Борборшайлоокомдун жаңыланган интернет-порталынан ченемдик-укук актыларын жана мамлекеттик органдардын чечимдерине ыкчам кирүүгө мүмкүнчүлүк бар  белгиледи.   
Ошондой эле Миссиянын Штабы менен Кыргыз республикасынын Президентин шайлоого байкоочулук жүргүзүү менен, КМШ Миссиясынын Штабы ишмердүүлүк жүргүзгөн республиканын тышкаркы жерлериндеги шайлоо участкаларында да бакйоочулук кылууга  алдын ала келишим түзүүгө жетишилди. 
КМШ Миссиясынын Штабы  Кыргызстандагы ишмердигин 20-сентябрдан баштап жүргүзөт, алардан 200гө жакын байкоочулардын келиши күтүлүүдө. 
Өздөрүнүн милдеттерин аткарууга, улуттук мыйзамдын  алкагында  Миссияга  тийиштүү  жардамдар берилет. 
 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү 


 

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>