КР БШК Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындады

25 августа 2017

              2017-жылдын 25-августунда КР БШКнын жыйынында Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин мөөнөтүнөн мурда шайлоону  дайындоо тууралуу чечим кабыл алынды.
2017-жылдын 25-августунда Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калган: шаардык кеңештеги 31 депутаттын 18и гана шайлоого катышкан. 
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо мурун катталган талапкерлердин катышуусу менен 2017-жылдын 30-августуна дайындалды. 
Мөөнөтүнөн мурда шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык  уюштуруп, өткөрүү Кара-Балта аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.  
 

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү