БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин алып салуу боюнча беш жарандын арызын карады

25 августа 2017

2017-жылдын 25-августунда КР БШКнын жыйынында М.Иманкулов, С.Султанидинов, Б.Дегенбаев, А.Каримов жана А.Мансуров Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлигин алып салуу арыздарын карады.

КР Борбодук шайлоо комиссиясы “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын жетекчиликке алып, М.Иманкулов, С.Султанидинов, Б.Дегенбаев, А.Каримов жана А.Мансуров, арыздарын канааттандыруу жана документтерин кайтарып берүү жөнүндө чечим кабыл алды.

2017-жылдын 25-августуна карата Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин саны 42.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү