Башкы Жаңылыктар Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр …

Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

15-Авг, 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 15-августундагы жыйынында  айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна  жана резервине өзгөртүүлөрдү  киргизүү тууралуу токтом кабыл алды.  

1.Берген арызына байланыштуу Абдыманбетов Арафатбек Аканович (“КСДП” саясий партиясы) Тогуз-Торо аймактык комиссиясынын тутумунан чыгарылды, Сулайманова Батма Даткабаевна (“Республика” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди. 

2.Берген арыздарына байланыштуу Караева Айгерим Жанышовна (“КСДП” саясий партиясы) Тагаев Гуламгапыр Абдыкаарович,(жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Арзибекова Уулжан Элдияровна (“Эркин эл” саясий партиясы) Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.  

-Дыйканов Асилидин Абсаттарович. (“Республика” саясий партиясы), Зияев Ниязбек Исмайилович (“Республика-Ата Журт” саясий партиясы), Шеримбетова Дамира Төлөгөновна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.  

3.Берген арыздарына байланыштуу Ибраева Мээрим Турганбаевна, (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Бейшембаева Айнагүл Курүчбековна,(“Акшумкар” саясий партиясы) Усенов Сулайманжан Усенович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынан тутумунан чыгарылды.

-Токтобаев Шерик Кадырбердиевич (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

4.Берген арыздарына байланыштуу Молдогурманова  Айзада  Турдубекова (“Туран” саясий партиясы), Жусуева Элмира Бердиматовна,  Айдаралиева Жыпар Акановна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Нарын шаардык аймактык шайлоо комиссиясынын  тутумунан чыгарылды.

-Замирбеков Нарынбек Замирбекович  (“Республика” саясий партиясы) Байтоков Астра Дүйшөналиевна (“Акшумкар” саясий партиясы)  Абдылдаев Алмазбек Амантурович  (“КСДП” саясий партиясы)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

5.Берген арызына байланыштуу Эсеналиев Каныбек Алтымышович (“КСДП” саясий партиясы) Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын резервинен чыгарылды.  

6.Берген арызына байланыштуу Молдокеев Фридон Асылбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын комиссиянын тутумунан, Султангазиев Эрлан Жыргалбекович( “Акшумкар” саясий партиясы) комиссиянын резервинен чыгарылды.

-Муктарбекова Айымзин Муратбековна (“Республика” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.  

7.Берген арыздарына байланыштуу Калыбекова Венера Сапаралиевна, Жамангулова Динара Токтомамбетовна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.

-Джапаров  Мырзабек  Качкынбаевич, Губарова  Алена Анатольевна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) комиссиянын резервинен чыгарылды.

-Султаналиева Алмабүбү Чардаевна (“Ата Мекен” саясий партиясы), Исакунова Төлөгүл Женишовна, Мамытмусаева Атыркул Омошовна  (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  комиссиянын тутумуна киргизилди.

8.Берген арыздарына байланыштуу  Садвакасова Назира Алмырзаевна, Мусаев  Жайыл Чубакович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы)  Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды.

-Акылбеков  Улан Болотович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы) комиссиянын резервинен чыгарылды.

-Ракымбекова Айгерим Ракымбековна (“Элдик-Народная” саясий партиясы)  Худоярова Айшагул Абдиманнабовна (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү
16-Окт, 2026

КР БШКсы Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн 81 ЖМКны аккредитациядан өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-октябрындагы жыйынында 2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын (ЖМК) жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо маселесин карады.Шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъекттерин маалымдоо маселелери жана үгүт жүргүзүү эрежелери боюнча жумушчу топтун сунушун эске алып, КР БШКсы жалпысынан 81 ЖМКны аккредитациялады.Алардын ичинде:-        басылмалар – 19;-        телерадиоуюмдар – 22; -        радиолор – 13;-        интернет-басылмалар – 27. КР БШКнын расмий сайтындагы “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” бөлүмүндө ЖМКнын эфир убактысын, басылма аянтын жана интернет-басылмаларда жарыялоо укугун бергендиги үчүн акы төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары боюнча маалыматтар жайгаштырылат.Аккредитациядан өткөн ЖМК жана интернет-басылмалар талапкерлердин үгүт иштерин өлкөнүн мыйзамдарынын алкагында так жана калыс жүргүзүүгө милдеттүү.Президенттик шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларын аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлдү.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады
16-Окт, 2026

КР БШКсы КР Президентинин кызмат ордуна талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Касенов Аймен Абдыталиповичтин ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоо жөнүндө токтом кабыл алды. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А. А. Касеновдун шайлоого катышуу менен байланышкан маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Мазыкин Виталий Валерьевич катталды.Белгилей кетсек, талапкердин ыйгарым укуктуу өкүлүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүгү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
16-Окт, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 16-октябрда өз жыйынында Токтогул, Түп, Сүлүктү, Нарын, Ак-Талаа жана Өзгөн аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.- Токтогул районунун Э. Иманалиев айылдык кеңешинин депутаты Бекишов Абдыбек Дүйшебековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тейтиев Улан Керимбаевичке өткөрүлүп берилди;   - Түп районунун Карасаев айылдык кеңешинин депутаты Кожомкулова Зыягүл Үсөнбековнанын ыйгарым укуктары Карасаев айылдык кеңешинин 2026-жылдын 9-октябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Шаршеев Руслан Исаевичке өткөрүлүп берилди;   - Сүлүктү шаардык кеңешинин депутаты Исаков Бекзат Каюмовичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары Сүлүктү шаардык кеңешинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы сунуштамасынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Дүйшөбай уулу Абдумуталипке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;   - Нарын районунун Чет-Нура айылдык кеңешинин депутаты Оролов Бек Магдыбековичтин ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Тилекмат уулу Байжигитке өткөрүлүп берилди;- Ак-Талаа районунун Ала-Буга айылдык кеңешинин депутаты Самибаева Гульбарчын Баатырбековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Абдраим уулу Канатбекке өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат
16-Окт, 2026

КР БШКсы шайлоодо биринчи жолу Коомдук байкоо борборун уюштурат

Бүгүн, 16-октябрда, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Коомдук байкоо борборунун ишмердигин уюштуруу тартибин бекитти.Борбордун негизги максаты - Кыргыз Республикасында өтүүчү шайлоолордо жана референдумдарда добуш берүү күнү шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү реалдуу режимде көрүү үчүн шарттарды түзүү.Борбор шайлоо процессинин ачыктыгын камсыз кылуу жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо максатында Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан добуш берүү күнү уюштурулат.Белгиленген талаптарды сактоо менен Борборго жарандар, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, эл аралык жана башка байкоочулар, ошондой эле башка кызыкдар адамдар эркин кире алышат.Борбордун иш тартибинде келүүчүлөрдү каттоо, убактылуу бейдждерди берүү жана шайлоо участокторунан видеокөрсөтүүлөрдү көрүү эрежелери каралган.Борборго келгендерге үгүт жүргүзүүгө, жабдуулардын ишине кийлигишүүгө жана коомдук тартипти бузууга тыюу салынат. Ошондой эле видеокөрсөтүүлөрдү үгүт максатында пайдаланууга жана шайлоочунун эркин билдирүүсүнүн мазмунун аныктоого багытталган аракеттерге жол берилбейт.
Кененирээк билүү >>