Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катталды
16 августа 2017
2017-жылдын 16-августунда КР БШКнын жыйынында Кыргыз Республиканын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер Ө.Т. Бабановду каттоо маселеси каралды.
КРдин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин талабына ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат:
-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;
-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;
-паспорттун көчүрмөсүн;
-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
- шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;
-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат.
Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Ө.Бабанов КР Борбордук шайлоо комиссиясына анын талапкерлигин колдогон 107 000 шайлоочунун колдору коюлган баракчаларды тапшырды, кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу алардын ичинен 103165 колдун аныктыгы тууралуу ырастама берген.
Ошентип, КР БШКнын 2017-жылдын 16-августундагы №358-токтомуна ылайык Өмүрбек Бабанов Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү