КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого чет элдик өнөктөштөрдүн жана эл аралык уюмдардын ого бетер кызыгуусу байкалууда

15 августа 2017

Азыркы мезгилде КР БШК 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо эл аралык мониторингди камсыз кылуу  иштерин жүргүзүүдө.  Шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууга төмөндөгү уюмдарга чакыруу жөнөтүлдү:

-Шайлоо органдарынын бүткүл дүйнөлүк Ассоциациясы (ВАИО),

· Европа мамлекеттеринин шайлоону уюштуруу Ассоциациясы (АОВСЕ),

· Азия шайлоо органдарынын Ассоциациясы (ААИО),

· Көз каранды эмес мамлекеттердин Аткаруу комитети (ИК СНГ),

· Парламенттер аралык Ассамблеясы (МПА КМШ),

· Шанхай кызматташтык уюму  (ШОС),

· Демократиялык институттар жана адам укугу боюнча Бюросу (БДИПЧ/ЕККУ),

· Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик Ассамблеясы(Түрк ПА),

· Ислам кызматташтыгы уюму  (ОИС),

· Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңеши  (ССТГ),

· НАТОнун Парламенттик Ассамблеясы НАТО/ПА НАТО,

· Европа Кеңешинин парламенттик Ассамблеясы

· Демократия үчүн укук аркылуу Европалык Комиссия  (Венециан комиссиясы)

-Европа Парламенти,

Ошондой эле Бразилия, Жаңы Зеландия, Австралия, Бутан Королдугу жана башка мамлекеттеринин шайлоо комиссияларына жөнөтүлдү.

Чакыруу ошондой эле АКШнын Сенат жана Конгрессине, Германия Федеративдүү Республикасынын Бундестагына, Улуубритания Бириккен Королдугунун жана Түндүк Ирландия Парламентине, Канада, Люксембург, Нидерланддар жана Бельгия, КЭР ТИМ жана Франциянын  Конституциялык Кеңешине жөнөтүлдү.

Казакстан Республикасынын, Литва Республикасынын БШКсы, Ханнс Зайдел Фондунун өкүлчүлүгү (Германия), Норвегиялык  Хельсинки  Комитетинин эл аралык биринчи байкоочуларын аккредитациядан өткөрүү иш-чаралары башталды.

Индиянын БШКсынын төрагасы КР Президентин шайлоого байкоочу катары келээрин билдирди, Көз каранды эмес мамлекеттердин кызматташтыгы Миссиясынын, (КМШ), КМШ мамлекеттер-катышуучуларынын Парламенттер аралык Ассамблеясынын, БДИПЧ/ОБСЕден, Шанхай кызматташтык уюмунан (ШКУ), Түрк тилдүү Мамлекеттер кызматташуу Кеңешинин жана башка мамлекеттерден,  эл аралык уюмдардан кыска мөөнөттүү байкоочулар тобунун  келиши күтүлүүдө.

КР БШК  Кыргызстанда эл аралык байкоочулар  жооптуу миссияларын аткарууга  КР БШК ар тараптуу салым кошмокчу.

Кыргызстанда өтүүчү шайлоого эл аралык уюмдардын кызыгуусу, КР Борбордук шайлоо комиссиясынын  жаңы шайлоо моделинин жана шайлоочулардын биометрикалык идентификациясын колдонуу менен шайлоо процессинин жыйынтыгын  ишенимдүү чыгарууну жана ачыктыгын камсыз кылуу, албетте, добуштарды автоматтык  саноо ишинин турмушка ийгиликтүү ашышы менен шартталган.

КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү