Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер М.К. Кадыралиева Президенттин кызмат ордуна талапкер катары көрсөтүлгөндөн кийин 5 календардык күндүн ичинде шайлоо алдындагы өнөктүктү каржылоо үчүн конституциялык Мыйзамда белгиленген тартипте өзүнүн шайлоо фондун түзө алган эмес. Ушуга байланыштуу 2017-жылдын 7-августунда Борбордук шайлоо комиссиясы М.К. Кадыралиеваны Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары каттоодон баш тартты.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү