Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

КР БШК №2 жана №3 формалары боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 29-сентябрында саат 20:00до аяктаарын эске салат!

27 августа 2017

№2 жана №3 формалары боюнча шайлоочулардан арыздарды кабыл алуу 2017-жылдын 16-августунан башталып 29-сентябрда саат 20:00до аяктайт.

2017-жылдын 29-сентябрында саат 20:00го чейин  Кыргыз Республикасынын шайлоочулары өздөрүн шайлоочулардын жалпы тизмесинен жеке маалыматтарын текшерүүлөрү зарыл. Муну участкалык  шайлоо комиссияларынан же shailoo.srs.kg интернет сайтына кирип  текшерсе болот, ошондой эле 16-августтан баштап, бардык шайлоо участкаларында  милдеттүү түрдө шайлоочулардын тизмелери илинип турат, ал жерден карап текшерүүгө болот.

Эгерде шайлоочу шайлоо тизмесинен өзүнүн маалыматтары тууралуу каталарды жана так эместикти тапса, №3 формасында арыз жазып, өзүнүн участоктук шайлоо комиссиясына кайрылуусу керек.

Эгерде шайлоочу башка шайлоо участкасынан добуш бергиси келсе, (катталган жери боюнча эмес, шайлоо адреси боюнча) 29-сентябрында саат 20:00го чейин №2 формасында  арыз  жазып, тийиштүү шайлоо участкасына кайрылуусу зарыл. 

Биометрикалык каттоодон  өтүүгө үлгүрбөй калган  КР жарандары жашаган жерлери  боюнча Мамлекеттик каттоо кызматы органдарынын биометрикалык каттоо пункттарынан өтсө болот, андан кийин өздөрүнүн маалыматын добуш берүү участкасынан  тактаса болот.

Ошондой эле  Мамлекеттик каттоо кызматынын call-борборундагы 119 номери боюнча телефон чалып, (чалуу бекер) же ПИНди көрсөтүү менен 119 номерине СМС билдирүү жиберсе (14-жеке идентификациялык номер) өзүңүздүн участкаңыздын номери жана дареги көрсөтүлгөн жоопту  аласыз. (СМС билдирүү бекер)

Кыргызстандан тышкары жерлерде жашаган КР жарандары 15-октябрда Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелериндеги  37 шайлоо  участкаларында добуш бере алышат. Ал үчүн чет мамлекеттердеги Кыргыз Республикасынын Консулдугуна каттоого туруш керек .

Бардык суроолор боюнча  Борбордук шайлоо комиссиясынын коомдук кабылдамасына  кайрылса болот (312) 660240.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү