Башкы Жаңылыктар Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А Сариевдин ыйгарым …

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Рыскулова, Ж. Орозбекованын арыздары жөнүндө

13-Авг, 2017

2017-жылы 12-августа Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А. Сариевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунованын ЖМКларга чыгууга артыкчылыктуу мамиле байкалгандыгы боюнча жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Ш. Жээнбеков  административдик ресурс колдонуп жаткандыгы жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карсартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Р.Рыскулова, Ж.Орозбекованын шайлоо укугунун бузулушу жөнүндө арыздарды  карады.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Р. Рыскулова жана А.Р. Орозбекова өздөрүнүн арыздарында талапкерлерге бирдей укуктук шартты камсыз кылып, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Ш.Жээнбековду конституциялык мыйзамдын талаптарын сактабагандыгы үчүн КР БШКдан талапкер катары каттоодон баш тартууну суранышты.

КР БШКнын мүчөсү А.Т. Асаналиев өзүнүн сунушу жана токтомдун долбоору менен тааныштырды: Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча Жумушчу тобу жана Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу, түшкөн арыз даттанууларды карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Жобосунун негизинде төмөнкүлөрдү билдирет: Кол топтоону уюштуруу максатында же шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарын колдонуу тууралуу далилдер келтирилген эмес.

 “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык  Жогорку Кеңештин депутаттарын, Президентти кошпогондо, мамлекеттик саясий, администрациялык мамлекеттик жана мунициапалдык кызматтарды ээлеп турган же жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеген, каттоого алынган талапкерлер каттоодон өткөн учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин кызмат орундук же кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну токтото турушат.

Конституциялык мыйзамдын 53-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерди каттоо конституциялык Мыйзамда каралган шарттарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан кабыл алынат. 

Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан чечим кабыл алдынгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер каттоодон өттү деп эсептелинет.

Азыркы күндө Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер С.Ш. Жээнбековдун Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан каттоодон өткөндөгү тууралуу чечими жок.

Жогоруда айтылгандарга негизденип, Жумушчу топторунун чечимин эске алуу менен, “Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субьектеринин (катышуучуларынын) арыз (даттанууларын) кароо тууралуу” Жобонун 1,7 бөлүмүн жетекчиликке алуу менен, Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 43-беренесинин негизинде  Кыргыз Респрубликасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүнүн эрежелерин сактоого көзөмөл жүргүзүү боюнча Жумушчу тобу, Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу, КР БШК тарабынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.А Сариевдин ыйгарым укуктуу өкүлү А.Орозакунова жана Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Р.Р.Карасартованын  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү А.Рыскулова менен Ж.Орозбекованын “Кыргыз Республиканын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык тийиштүү чара көрүү тууралуу  арыздарын кароонун жыйынтыгында, алардын арыздарын  канааттандыруудан баш тартылды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!
13-Окт, 2026

Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана интернет-басылмалардын өкүлдөрү!

Аккредитациялоо үчүн арыздарды кабыл алуу эртең, 2026-жылдын 14-октябрында аяктайт. Бул акыркы күн! Шашылыңыздар! Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн аккредитациялоо “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” https://accreditation.srs.kg/ автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу жүргүзүлүүдө.Байланыш телефону: 0557261994, 0312 665452
Кененирээк билүү >>
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады
09-Окт, 2026

КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров КР ТИМинин өкүлдөрү менен Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу маселелерин талкуулады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Сейтек Жумакадыр уулу менен жолугушту.Жолугушууга ошондой эле КР БШК төрагасынын орун басары Лейла Лурова, КР ТИМинин Консулдук департаментинин кызматкерлери жана БШК аппаратынын кызматкерлери катышты.2027-жылдын 27-январына дайындалган Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдыктын алкагында чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыз кылуу маселелери талкууланды.Өзгөчө көңүл КР БШК менен КР ТИМинин чет өлкөлөрдөгү шайлоо участокторун түзүү жана аларды оптималдаштыруу, добуш берүүнү уюштуруу жана шайлоо участокторун техникалык жактан жабдуу, ошондой эле чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алдыдагы шайлоого катышуу тартиби жөнүндө маалымдоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүсүнө бурулду.
Кененирээк билүү >>
Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди
09-Окт, 2026

Бишкек шаарындагы жана аймактардагы айрым шайлоо участокторунун схемаларына жана чек араларына өзгөртүү киргизилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйынында КР БШКнын 2025-жылдын 3-июлундагы № 33 “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Жалал-Абад, Талас, Чүй, Нарын жана Ысык-Көл облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин аймактарындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди.Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2025-жылдын 1-августундагы № 54 “Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагындагы шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөр киргизилди. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын сунушуна ылайык, аталган токтом долбоорлорун кабыл алуунун негизги зарылчылыгы - көчө аталыштарынын өзгөрүшү, ошондой эле даректерди өзгөртүү аркылуу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн заманбап жана ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат.
Кененирээк билүү >>
Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди
09-Окт, 2026

Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы боюнча жобо бекитилди

Бүгүн, 9-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында “Майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктар картасы” автоматташтырылган маалыматтык тутуму жөнүндө жобону бекитти. Жобо аталган тутумдун укуктук статусун, иштөө тартибин, ошондой эле анын катышуучуларынын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.Жаңы тутумдун алкагында майыптыгы бар шайлоочулардын муктаждыктарын бирдиктүү эсепке алуу жана дайындарды борборлоштурулган базага топтоо автоматташтырылат. “Түндүк” системасы аркылуу Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү камсыздалат. Ошондой эле шайлоо участокторунда жеткиликтүү инфратүзүмдүн абалын – пандустарды, Брайль ариби менен даярдалган материалдарды жана башка шарттарды - мониторинг жүргүзүү жана пландаштыруу мүмкүнчүлүгү кеңейтилет. Дайындарды иштетүү Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин талаптарына ылайык, жеке дайындардын купуялуулугун жана тутумдун санариптик туруктуулугун камсыз кылуу менен жүргүзүлөт.
Кененирээк билүү >>