Башкы Жаңылыктар С.Н.Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары …

С.Н.Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартуу жөнүндө

10-Авг, 2017

2017-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына (мындан ары-БШК) С.Н.Жапаровдон Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке коюу ниети жөнүндө арызы келип түшкөн.

КР БШКсынын Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин документтерин кабыл алуу боюнча жумушчу топ тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча төмөнкүлөр аныкталган:

 Кыргыз Республикасынын Ички иштер минситрлигинин Маалыматтык технологиялардын башкы башкармалыгынын (25.07.2017-ж. чыг. № 7/6891)  жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (28.07.2017-ж. чыг.№ 01-9/1362 ) маалыматы боюнча С.Н. Жапаров, Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) 30-беренесинин 1,4-бөлүктөрүндө (Кылмышка шериктеш болуу), 28-беренесинде (кылмыш далалаты), 295-беренесинде (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылган жана КЖКнын 56-беренесин колдонуу менен (Мыйзамда каралгандан жеңилирээк жаза белгилөө) 1 жыл 5 айга соттолгон.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык: “жарандар ушул Конституцияда жана мыйзамдарда каралган тартипте мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын шайлоого жана аларга шайланууга укуктуу”.

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 20-беренесине ылайык: “Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгын, адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же башка мамлекеттик кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек”.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы менен (мындан ары – КР КМ) жогорку кызмат орунга - Кыргыз Республикасынын Президенттигине шайланууда жарандардын пассивдүү шайлоо укугу, соттуулук менен байланышкан чектөөлөргө ээ, тактап айтканда, КР КМнын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун (02.08.2017-ж. чыг.№ 01-11/1382 ) маалыматы боюнча соттулукту жоюу мөөнөтү КР КЖКсынын 76-беренесинде каралган, ал эми соттуулукту алып салуу б.а. соттулуктун мөөнөтү аяктаганга чейин мөөнөтүнөн мурда жоюу маселеси Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин   373-беренесине ылайык соттолгон адамдын өтүнүчү боюнча сот тарабынан чечилет.

Соттуулукту алып салуу же жоюу КР КЖКсынын 76-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

КР КЖКсынын 76-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык (кылмыш жасаган учурга карата 2013-жылдын 25-февралындагы № 35 Мыйзамынын редакциясында) өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга карата - жазаны өтөгөндөн кийин он жыл өткөндө соттуулук жоюлат.

С.Н. Жапаров КР КЖКнын 295-беренеси боюнча соттолгон, анда төмөнкү каралган: Бийлик Кыргыз Республикасынын Конституциясын бузуу менен күчкө салып тартып алынганда же бийлик күч менен кармалып турганда, ошого тете ушундай эле аракеттер Кыргыз Республикасынын конституциялык түзүлүшүн күчкө салып өзгөртүүгө багытталганда, он эки жылдан жыйырма жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат. КР КЖКнын 13-беренесине ылайык, Өзгөчө оор кылмыштарга - мыйзам тарабынан он жылдан ашуун мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу каралган атайылап жасалган кылмыштар таандык.

Жогорку соттун 2013-жылдын 6-августундагы өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза кодексинин (мындан ары - КЖК) 30-беренесинин 1,4-бөлүктөрүндө (Кылмышка шериктеш болуу), 28-беренесинде (кылмыш далалаты), 295-беренесинде (Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу) каралган кылмыштарды жасагандыгы үчүн күнөлүү деп табылган жана КЖКнын 56-беренесин колдонуу менен 1 жыл 5 айга соттолгон. Жазасын өтөгөндүгү үчүн
С.Н. Жапаров соттун залынан бошотулган.

КР КЖКнын жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерине ылайык, С.Н. Жапаровдун соттуулугу жоюла элек. КР КЖКнын 76-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, эгерде соттолгон адам жазасын өтөгөндөн кийин өзүн кынтыксыз алып жүрсө, сот соттуулугунун жоюлуш мөөнөтү аяктаганга чейин эле анын соттуулугун өтүнүч боюнча алып сала алат. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун маалыматы боюнча (02.08.2017-ж. чыг.№ 01-11/1382) С.Н. Жапаровдун соттуулугу алып салынгандыгы тууралуу маалыматка ээ эмес.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, С.Н. Жапаровдун бүгүнкү күнгө карата белгиленген тартипте алып салынбаган же жоюлбаган  соттуулугу бар.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017жылдын 14-июнундагы № 1681-VI токтому менен Кыргыз Республикасынын Президентин кезектеги шайлоо 2017-жылдын 15-октябрына дайындалган.

КР КМнын 3-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, соттолгондугу алып салынбаган же мыйзамда белгиленген тартипте жоюлбаган адамдар Президенттин кызматына жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайланууга укуксуз.

Ушундан улам, С.Н. Жапаров алып салынбаган же жоюлбаган соттуулугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматына шайланууга укугу жок б.а. пассивдүү шайлоо укугуна ээ эмес.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесине ылайык, талапкердин пассивдүү шайлоо укугунун жоктугу талапкерди каттоодон баш тартууга негиз болуп саналат.

Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 1-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 4,5-бөлүктөрүн, 53-беренесинин 7-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы С.Н.Жапаровго Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер катары каттоодон баш тартты.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык кызматы

Башка жаңылыктар

Баардык жаңылыктар
Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби
06-Окт, 2026

Шайлоо фонддору: Түзүү, чыгымдоо жана отчеттуулук тартиби

-
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты
05-Окт, 2026

КР БШКнын кызматкерлери Жогорку Кеңештин медалы менен сыйланышты

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Марлен Маматалиев кесиптик жетишкендиктери жана өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ар түрдүү тармактардын өкүлдөрүнө Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.Сыйлык тапшыруу аземинин алкагында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппаратынын жетекчиси жана укуктук камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  Жогорку Кеңештин "Мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" медалы менен сыйланышты.Кесиптештерибизди татыктуу сыйлыктары менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө багытталган мындан аркы иштеринде ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз.
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү
02-Окт, 2026

КР БШКнын Көзөмөлдөө-текшерүү тобу банктардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 2-октябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Алмаз Айбалаевдин жетекчилигинде КР БШКнын алдындагы Көзөмөлдөө-текшерүү тобу “Элдик Банк” жана “АБанк” ААКнын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.КР БШКнын чечимине ылайык, аталган банк мекемелери Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн аныкталган.Жолугушуунун жүрүшүндө банктар менен талапкерлердин жана алардын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн практикалык өз ара аракеттенүүсү, анын ичинде шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу жана жүргүзүү, финансылык операцияларды жүргүзүү, зарыл болгон маалыматтарды алмашуу жана тиешелүү отчеттуулукту берүү маселелери талкууланды.Ошондой эле, шайлоо фонддорунун эсептерин өз убагында ачуу максатында КР БШК менен банк мекемелеринин натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу жана бул багытта келип чыгышы мүмкүн болгон уюштуруучулук тоскоолдуктарды алдын алуу маселелери каралды.Иш-чаранын жыйынтыгында өз ара аракеттенүүнү  өркүндөтүү жана шайлоо өнөктүгүн каржылык жактан ачык-айкын, ыкчам жана талаптагыдай камсыз кылуу боюнча мындан аркы чаралар аныкталды. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады
02-Окт, 2026

КР БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Улуулар күнүнө карата кызматкерлерди куттуктады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров 1-октябрь -Улуулар күнүнө карата КР БШКнын аппаратынын улуу муундагы кызматкерлерин майрамы менен куттуктады.Өз сөзүндө Тынчтык Шайназаров улуу муундун бай тажрыйбасы, терең билими жана баалуу кеп-кеңештери мекеменин ишинин натыйжалуулугун арттырууга олуттуу салым кошуп жатканын белгиледи.“Сиздердин турмуштук жана кесиптик тажрыйбаңыздар, акыл-насаатыңыздар биз үчүн ар дайым баалуу. Көп жылдык эмгегиңиздер, жоопкерчилигиңиздер жана кесипкөйлүгүңүздөр жалпы ишибизге чоң жардам берүүдө”, - деп белгиледи Тынчтык Шайназаров.КР БШКнын төрагасы кызматкерлерге бекем ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакыт жана иштерине мындан аркы ийгиликтерди каалады.   
Кененирээк билүү >>