Башкы Жаңылыктар Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облусунун айрым …

Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Ош жана Чүй облусунун айрым аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди

07-Авг, 2017

2017-жылдын 7-августунда КР БШКнын жыйынында Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад жана Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун  Ак-Суу жана Түп аймактык шайлоо комиссиясынын, Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди.   

Ошентип, Баткен облусунун Лейлек аймактык шайлоо комиссиясынан:

- М.Кахарова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

- Каримкул кызы Нургул (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясы:

- Р.Хасанов, М.Атамбеков, М.Паизбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчулүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

- С. Досбаева (“Кыргызстан” саясий партиясынан), С.Абдурасулова (“Туран” саясий партиясынан)  резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынан:

- К. Алымкулов (“Акшумкар” саясий партиясынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

-Б.Абдраимов (“Республика-Ата-Журт” саясий партиясынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

-Г.Төлөнбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

Ысык-Көл обулусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынан:

-А.Сатиев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды.

-Э.Осмонов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди 

Ысык-Көл облусунун Түп аймактык шайлоо комиссиясынан:

-А.Рымбеков (“Ата Мекен” саясий партиясынан), А.Өмурбекова  (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан), А.Акматжанов, А.Дуйшөнбаева, С.Орозалиев, А.Усупбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

-Алик кызы Медеркүл, Т.Бекбоев, Г.Жергалбаева, А.Исаев, Э.Кыяшбаев, Н.Кукеев, А.Матказымова, М.Райымбекова, Г.Султанбаева, М.Сопиева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

-Б.Акматов («Акшумкар» саясий партиясынан), Т.Курманова, А.Акматалиев, С.Болжурова, М. Жанбосунова, Б.Борбодоев (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумуна киргизилди.

Нарын облусунун Ак-Талаа аймактык шайлоо комиссиясынан:

-А.Орозакунова («Ата Мекен» саясий паритясынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

-Э.Багышов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;

Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан:

-С.Паизов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) комиссиянын тутумунан чыгарылды;

- Асилбек уулу Жыргалбек (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынан:

-Р.Шеримбеков (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан)  комиссиянын тутумунан чыгарылды;

- М.Турсуналиева («Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынан, У.Алымкулов («Туран» саясий партиясынан), Э.Эралканова, Ж.Алмазбекова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан)   резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>