БШК КР: КР Президенти кызматына талапкер катталды

03 августа 2017

2017-жылдын 3-августунда КР БШКнын жыйынында “Ак Шумкар” саясий партиясынын чечими менен  Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөтүлгөн Т.А.Сариевди каттоо тууралуу маселе  каралды.

КРдин «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин  депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 53-беренесинин талабына  ыйлайык, КР Президенти кызматына талапкерлер төмөндөгү документтерди тапшырат:

-Президенттик кызматка талапкер болууга макулдугу жөнүндө арызды  тиркөө менен өзүн өзү көрсөтүү жөнүндө арызды же саясий партиянын талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечиминин протоколун;

-өмүр баян маалыматтарын көрсөтүү менен, талапкер жөнүндө маалыматтардын таризин;

-паспорттун көчүрмөсүн;

-иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;

- шайлоо күрөөсүн төккөнүн ырастоочу документти;

-мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификат. 

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  Т.Сариев  КР Борбордук шайлоо комиссиясына  анын талапкерлигин  колдогон   61 032  шайлоочунун  колдору  коюлган  баракчаларды тапшырды,  кол коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу тобу   алардын  ичинен  58612    колдун  аныктыгы  тууралуу  ырастама берген.

Ошентип, КР БШКнын 2017-жылдын 3-августундагы №312-токтомуна ылайык Темир Сариев Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер болуп катталды.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү