КР БШК жергиликтүү кеңештердин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды

02 августа 2017

КР БШК Кара-Кулжа, Москва, Тоң жана Жумгал жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды.

Ошентип:

-Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл округунан А.Ормокеев мунициапалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-жеке ишкер А.Бөрүбаевге өткөрүлүп берилди;

-Чүй облусунун Москва районунун  Биринчи май айыл округунан Н.Бакшиев соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-Ак-Суу айылдык мектебинин мугалими М.Суеркуловго өткөрүлүп берилди;

-Ысык-Көл обулусунун Тоң районунун Улахол айыл округунан А.Абдыкеримов өзүнүн берген арызынын негизинде ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-Маданият үйүнүн башчысы У.Өмүркуловго өткөрүлүп берилди;

-Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун  Жети-Өгүз айыл округунан А.Сейдакматов муниципалдык кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-дыйкан чарбасынын мүчөсү Камчыбек уулу Алтынбекке өткөрүлүп берилди;  

-Нарын облусунун Жумгал районунун Жумгал айыл округунан А.Дүйшөкеев депутаттык ыйгарым укуктарын аткарууга айкалышпаган кызматка дайындалгандыгына байланыштуу өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотту, анын мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер-дыйкан чарбасынын мүчөсү Н.Сарыкеевге өкөрүлүп берилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү