Айрым аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөр киргизилди
02 августа 2017
Комиссиялардын резервинен чыгуу тууралуу тийиштүү аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн арыздарынын негизинде КР БШК 2017-жылдын 2-августунда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусундагы Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусундагы Кара-Кулжа, Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын, Талас облусундагы Талас аймактык шайлоо комиссиясынын, Чүй облусундагы Москва аймактык шайлоо комиссиясынын тутумуна жана резервине өзгөртүүлөрдү киргизди.
Ошентип:
-А.Жаркымбаев ( “Бир бол” саясий партиясынан) Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, К.Жетенбаева (“Кыргызстан социал-демократиялык партиясы” саясий партия) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-Ж. Мусакулова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, К. Алымкулова («Акшумкар» саясий партиясынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
-А.Машаева, М.Мураталиева, Ч.Ормокеева, Г.Өскөнбаева, А.Сулубаева, З.Чомоева, М.Эсенбаева (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынан резервинен чыгарылды.
-Шадыбек уулу Кудретилла (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Ош облусунун Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунун чыгарылып, М.Эргешов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
-С.Керимкулова (Республикалык коомдук-саясий партия “Кыргызстан куруучулар париясы”) Талас облусунун Талас аймактык комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Р.Бектенова (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан), Э.Байбосунов (“Ата Мекен” саясий партиясынан), А.Темирбеков (“Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынан) Талас облусунун Талас аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Р.Сейталиева (“Замандаш” саясий партиясынан), А.Абдраимов (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди;
-Тынчтыкбек кызы Алина (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) Чүй облусунун Москва аймактык комиссиясынын тутумунан чыгарылып, Д.Базаркулова (“Республика” саясий партиясы) резервден комиссиянын тутумуна киргизилди.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
