Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жана Талас районундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
02 августа 2017
2017-жылдын 2-августунда КР БШК Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Талды-Суу айыл өкмөтүнүн жана Талас районундагы Кара-Буура районунун Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону 2017-жылдын 21-августуна саат 9-00дан 12-00гө чейин өткөрүүнү дайындады.
Чечим Аманбаев айыл өкмөтүнүн башчысы М.Орозбаев жана Талды-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Д. Сатаровдун өз каалоолору менен берген арыздарынын негизинде кызматтарынан бошотулгандыгына байланыштуу кабыл алынган.
Мындан тышкары Борбордук шайлоо комиссиясы 2017-жылдын 27-июлунда болуп өткөн шайлоодо Чүй облусунун Сокулук районунун Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы шайлангандыгы тууралуу токтом кабыл алды. Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп К.Бешимбаев шайланган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
