КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер М.Иманкулов, И.Масалиев, А.Бекназаров, Э.Зарлыков жана Т. Кожогуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

02 августа 2017

2017-жылдын  2-августунда  КР БШК    Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер  М.Иманкулов, И.Масалиев, А.Бекназаров, Э.Зарлыков  жана Т. Кожогуловдун  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн  каттоо тууралуу токтом кабыл алды.  

Ошентип, Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-шайлоо боюнча Рыскелдиев Өмүрбек Дүйшөнбаевич, Козубаев Бактыбек Бейшенович жана Иманкулов Муратбек Муканович;

-каржы маселеси боюнча   Иманкулов Эрнист Маратович катталды.

Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер И.Масалиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп  Жээнбеков Апазбек Субанович катталды.

Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-Шейшенов Серен Манапбаевич;

-Мамыралиев Бектемир Кудайбердиевич катталды.

Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер Э.Зарлыковдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-Түлебердиев Талапкер Жакенович;

-Түлебердиев Тимур Жакешевич катталды.

Кыргыз Республикасынын  Президенти кызматына талапкер Т.Кожогуловдун шайлоо боюнча  ыйгарым  укуктуу өкүлдөрү  болуп:

-Качиев Албан Саткынович, Айтбаев Болотбек Мукаевич жана  Каскеримова Айзада Алымбековна;

-каржы маселеси боюнча  Ортман Ирина Александровна  катталды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү