КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А. Бекназаровдун, А. Каримовдун жана К. Исаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

31 июля 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 31-июлундагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А. Бекназаровдун, А. Каримовдун жана К. Исаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Ошентип:

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Бекназаровдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-Ибраев Байтемир Карыпбекович;

-Эмилбаева Мейликан Тукуевна;

-Базарбаев Абдрахман Маматович катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А. Каримовдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп: Джоробеков Муса Абдираимович  катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Исаевдин шайлоо жана каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-Турумбеков Талайбек Насырканович (шайлоо боюнча)

-Кудайбергенов Нурлан Джолдошбекович (каржы маселеси боюнча) катталды.

Ошондой эле, жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер У.Т. Кочкоровдун ыйгарым укуктук өкүлүн Эрмаматова Сюита Эрмаматовнаны чакырып алуу жөнүндө” токтомду кабыл алышты.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү