Башкы Жаңылыктар КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Келдибековдун, …

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Келдибековдун, К.Ташиевдин, Т.Асанбековдун, Т.Акимовдун, К.Шайымбетовдун, Э.Зарлыковдун, Турсунбек Акундун жана А.Айтикеевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

29-Июл, 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 29 -июлундагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлер А.Келдибековдун,  К.Ташиевдин, Т.Асанбековдун, Т.Акимовдун, К.Шайымбетовдун, Э.Зарлыковдун, Турсунбек Акундун  жана  А.Айтикеевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.

Ошентип:

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер А.Келдибековдун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

 -Осмонов Тамерлан Орунбекович;

- АкуновУрматбек Бектемирович;

- Атазов Шайлообек Карыбекович;

- Сагынбаев Султанбек Насирдинович;

- Садирбеков Жакшылык Баймурзаевич катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К.Ташиевдин  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-Турсунов Жаныбек Ырсаалиевич;

- Бекмурзаев Ташболот Токтосунович;

- Какеев Акбар Бакытович;

- Кочорбаев Абдылдабек Бокоевич катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Асанбековдун  шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

  -Мурзабаев Мирбек Асаналиевич;

  -Чонмурунов Нарынбек Омурбекович катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Т.Акимовдун  каржы маселеси боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлү  болуп Кудайбердиев Абдималик катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер К. Шайымбетовдун  каржы маселеси жана шайлоо боюнча  ыйгарым укуктуу өкүлдөрү  болуп:

     -Шайлоо боюнча:  Анарбекова Жибек Анарбековна.

    - Каржы маселеси боюнча: Разаков Самаган Сатарович катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Э. Зарлыковдун   шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү  болуп, Сулайманов  Арслан  Денизович катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер Турсунбек Акундун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

 -Жумашев Ильяз Майрамбекович;

- Джанчыкулов Саадабек Эсенбекович;

- Укутаев Марат Сулумбекович;

- Усенбаева Турсунай Токтоназаровна;

- Мусуралиев Асанбек Даирбекович;

- Божокоева Жыпаркул Абакировна катталды.

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер  А.Айтикеевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп:

-Айтикеев Аскар Акбаралыевич

-Досонова Наргиза Салыевна катталды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү

Башка жаңылыктар

Бардык жаңылыктар
Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады
13-Ноя, 2026

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Бүгүн, 13-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлерди көрсөтүү үчүн белгиленген мөөнөт аяктады. Алдын ала жыйынтыктар боюнча, президенттик шайлоого катышууга 11 адам талапкерлигин койду.Учурда талапкерлерди колдоо максатында шайлоочулардын электрондук кол тамгаларын чогултуу уланууда. Бул этап 2026-жылдын 8-декабрына чейин созулат. Мыйзамдарга ылайык, каттоодон өтүү үчүн ар бир талапкер кеминде 30 миң шайлоочунун кол тамгасын чогултууга тийиш.Каттоодон өтүү үчүн зарыл болгон документтерди кабыл алуу 2026-жылдын 13-декабрына чейин уланат. Талапкерлер жана алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жетишпеген документтерди белгиленген тартипте тапшыра алышат.Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлерди каттоо 2026-жылдын 23-декабрына чейин жүргүзүлөт.Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо 2027-жылдын 27-январына белгиленген. 
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады
12-Ноя, 2026

КР БШКсы Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрдагы жыйынында Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Адылов Бакытбек Адыловичтин жана Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады.Адылов Бакытбек Адыловичтин шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Исматуллаев Эркин Эргашходжаевич.Сооронкулова Клара Сыргакбековнанын шайлоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Джурабаева Гульнар Курашбековна, каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү - Суранова Перизаткан Юлдашалиевна.Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө белгиленген үлгүдөгү каттоо күбөлүктөрү берилет.
Кененирээк билүү >>
КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту
12-Ноя, 2026

КР БШКсы жергиликтүү кеңештердин бир катар депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 12-ноябрда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы өз жыйынында Чүй, Базар-Коргон, Ала-Бука жана Нарын аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлерди депутаттыкка талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө чечимдерин бекитти.• Чүй районунун Бурана айылдык кеңешинин депутаты Сейдекматова Айнура Орозобековнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Отунчиева Нурбюбю Абдрахмановнага өткөрүлүп берилди;   • Базар-Коргон шаардык кеңешинин депутаттары Мамануров Хасанбай Мамажанович, Юсупов Зайнобидин Абдумухтарович жана Масиров Тилек Алибаевичтин (“Жаңы Кыргызстан” депутаттык фракциясынан) ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Абдуллаев Ахмаджан Закиржанович, Собиржонов Бунёдбек Сотболдиевич жана  Шеркулов Исламбек Батырбековичке (“Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынан) өткөрүлүп берилди;• Ала-Бука районунун Ала-Бука айылдык кеңешинин депутаты Кулбаева Зулайка Эшматовнанын ыйгарым укуктары берген арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандат шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкер Ботобекова Гулина Рысбековнага өткөрүлүп берилди;   •Нарын районунун Миң-Булак айылдык кеңешинин депутаттары Мукамбетов Ишенбек Кадыракунович жана Муратбек уулу Жээнбектин ыйгарым укуктары берген арыздарынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, бош калган мандаттар шайлоочулардын добуштарынын көбүн алып шайланган кийинки талапкерлер Ыманакунов Атабек Турдакуновичке жана Талантбек уулу Арсенге өткөрүлүп берилди.
Кененирээк билүү >>
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди
12-Ноя, 2026

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизилди

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бүгүн, 12-ноябрда “Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү” жөнүндө токтом кабыл алды.Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын курамынан берген арызына ылайык Орозалиев Кылыч Жанарбекович (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) чыгарылып, комиссиянын курамына резервден Джумагулов Каныбек Калыбекович, Зарнаева Назгуль Жакшылыковна (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан) киргизилди.
Кененирээк билүү >>