КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Т. Омуралиевден жана А. Айтикеевден арыз түштү

28 июля 2017

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1960-жылдын 5-майында туулган, убактылуу жумушсуз Т.Омуралиевден  арыз түштү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1958-жылдын 9-мартында туулган, “Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, айыл-чарба кызматкерлеринин жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнүн кызыкчылыгын коргоо партиясы; КМШ, Балтия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн ишкерлеринин жана өнөр-жай кызматкерлеринин эл аралык конгрессинин вице-президенти, Кеңешменин мүчөсү А. Айтикеевден  арыз түштү.

2017-жылдын 28-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 37 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеев, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Үмөталиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э.Зарлыков, Т. Омуралиев, А.Айтикеев).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 10 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков - «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы, Т. Акимов - «Чон казат» саясий партиясы, К.Исаев - «Кыргызстан» саясий партиясы).

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 48 талапкер документтерин тапшырды.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү