КР БШКга КР Президенти кызматына талапкерлерин көрсөткөн «Чон казат» жана «Кыргызстан» саясий партияларынын чечимдери келип түштү

28 июля 2017

Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Т.Акимовду талапкерликке көрсөткөн «Чон казат» саясий партиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы съездинин чечими келип түштү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына К.Исаевди талапкерликке көрсөткөн «Кыргызстан» саясий партиясынын 2017-жылдын 25-июлундагы V кезектеги съездинин чечими келип түштү.

2017-жылдын 28-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 35 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К.Мактымбаев, М.Кыдыралиев, К.Шайымбетов, М.Айманбаев, Э.Зарлыков).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 10 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков - «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы, Т. Акимов - «Чон казат» саясий партиясы, К.Исаев - «Кыргызстан» саясий партиясы).

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 46 талапкер.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү