КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу М. Айманбаевден жана Э.Зарлыковдон арыз түштү

28 июля 2017

КРнын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1956-жылы 20-августа туулган, жумушсуз М.Айманбаевден арыз түштү.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1967-жылы 5-сентябрда туулган, Бишкек шаарынын Биринчи вице-мэри Э.Зарлыковдон арыз түштү.

 

2017-жылдын 28-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 35 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеев, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиева, К. Шайымбетов, М. Айманбаев, Э.Зарлыков).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 8 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков -  «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы).

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 44 талапкер.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү