Айрым айыл кеңештеринин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана алардын мандаттары кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алынды

26 июля 2017

КР БШК Лейлек, Түп, Аксы, Чаткал жана  Сокулук  райондорунун жергиликтүү  кеңештеринин  айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бошогон мандаттарды  кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу токтом кабыл алды. 

Ошентип:

-Баткен облусунун  Лейлек  районунун  Бешкент айылдык кеңеши боюнча   К.Мусаев өз арызы менен депутаттык мандатын  тапшырды, анын бошогон мандаты кийинки депутаттыкка талапкер З. Умаровго;

-Ысык-Көл облусунун Түп районунун  Ак-Булак  айылдык кеңеши боюнча  М. Кыштообаев өз арызы менен  депутаттык мандатын тапшырды,  анын бошогон мандаты  кийинки шайланган депутаттыкка талапкер З. Исаковага ;

-Жалал-Абад облусунун  Аксы районунун  Кош-Дөбө айылдык кеңеши боюнча   К.Абдыкааров өз арызы менен  депутаттык мандатын тапшырды, анын бошогон мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер К. Суеркуловго;

-Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун  Суусамыр айылдык кеңешинен Ш.Кадыров өз арызы менен  депутаттык  мандатын тапшырды, анын бошогон мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер Ш.Дангибаевге;

-Чүй облусунун  Сокулук районунун  Сокулук айылдык кеңешинен Б.Токтобаев  өз арызы  менен  депутаттык мандатын өткөрүп берди, анын бошогон мандаты кийинки шайланган депутаттыкка талапкер Б.Джумалиевге  өткөрүлүп берилди.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү