КР БШК билдирет

26 июля 2017

2017-жылдын  26-июлдагы КР БШКнын жыйынында Ош облусунда жаңы шайлоо участкаларын  түзүү, айрым шайлоо участкаларын жана округдарынын  чек  араларын жана схемаларын бекитүү, айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоонун натыйжасы  жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу  бир катар токтомдор кабыл алынды.

Ошентип:

Баткен облусунун  Кадамжай районунун Совет айыл өкмөтүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы менен  Г. Осмонова   айыл башчысы болуп таанылды.

Жалал-Абад облусунун  Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин  негизинде  2017-жылдын  3-сентябрына дайындалган,  Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин депутаттарын   мөөнөтүнөн  мурда  шайлоо боюнча участкалык жана округдук чек аралары  жана схемалары  бекитилди. 

Шайлоочуларга мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында жана Араван аймактык шайлоо комиссиясынын сунушунун негизинде  Ош облусунун Араван районундагы Сары-Таш селосундагы Төө-Моюн айыл аймагында №5568 жаңы шайлоо участогу  түзүлдү.  Араван аймактык шайлоо комиссиясына кайрадан  түзүлгөн  участкалык шайлоо комиссиясынын тутумун жана резервин түзүү тапшырмасы  берилди.

 КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү