КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер катары Т.Асанбековду талапкерликке көрсөткөн «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын чечими келип түштү

27 июля 2017

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Т.Асанбековду талапкерликке көрсөткөн «Мекен Ынтымагы» саясий партиясынын 2017-жылдын 21-июлундагы кезексиз XL съездинин чечими келип түштү.

2017-жылдын 27-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 32 жаран тарабынан өзүн өзү көрсөтүү боюнча арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева, К. Мактымбаев, М.Кыдыралиев).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 8 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков жана К.Ташиев – «Патриоттук партия «Ата-Журт» саясий партиясы, И.Масалиев – «Кыргызстан коммунисттер партиясы» саясий партиясы, Т.Асанбеков - талапкерликке көрсөткөн «Мекен Ынтымагы» саясий партиясы).

Жалпысынан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына 41 талапкер.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү