КР БШК: Айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоонун натыйжасы жана добуш берүүнүн жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди
25 июля 2017
2017-жылдын 25-июлундагы КР БШКнын жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал, Бөрү-Баш, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөт башчыларын 2017-жылдын 20-июлундагы шайлоо болуп өттү деп табылды.
Ошентип:
· М.Өмүрбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы;
· С.Бараканов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы;
· Т. Айткулов Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн шайланган башчысы катары таанылды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
