КР БШК: Ош, Жалал-Абад облустарында жаңы шайлоо участкаларын түзүү боюнча токтом кабыл алдынды

25 июля 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 25-июлундагы жыйынында Ош облусунун  Ноокат  районунун, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон, Ноокен жана Сузак райондорунда жаңы шайлоо участкаларын түзүү  боюнча токтом кабыл алынды. 

Чечим, шайлоочулар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында,   аймактык шайлоо комиссиясынын берген сунушунун негизинде  кабыл алынды.

Ошентип:

· Ош облусунун Ноокат районунун Ынтымак айыл аймагынын Ничке-Суу селосунун аймагында №5567 шайлоо участкасы;

· Сузак айыл аймагында №2424, №2425 шайлоо участкасы;

· Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагында №2426 шайлоо участкасы;

· Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагында №2428 шайлоо участкасы;

· Жалал-Абад  облусунун  Ноокен районунун  Достук айыл аймагында №2427 шайлоо участкасы түзүлдү.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү