КР БШК: Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди

24 июля 2017

2017-жылдын 23-июлдагы КР БШКнын жыйынында 2017-жылдын 11-июлунда өткөн Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоонун жыйынтыгы тууралуу протоколдор бекитилди.

Протоколдорду карап чыгуунун жыйынтыгында Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүндө шайлоо болуп өттү деп табылды.

Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Н.Мурзакматов шайланды.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү