Ысык-Көл облусунун Эңилчек айыл аймагында шайлоо участкалары бириктирилди
22 июля 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 21-июлундагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Эңилчек айыл аймагындагы №3114 жана №3115-шайлоо участкаларын №3113 шайлоо участкасына бириктирүү тууралуу токтом кабыл алынды.
Бул чечим Жергиликтүү жана башка шарттарды эске алуу менен, Эңилчек айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча шайлоо участокторун бириктирүү жөнүндө Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын чечиминин негизинде кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
