Жалал-Абад облусунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилди

22 июля 2017

КР БШК 2017-жылдын 21-июлундагы жыйынында Жалал-Абад облусунун Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинде 2017-жылдын 3-сентябрында өтүүчү мөөнөтүнөн мурда шайлоого карата даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасын бекитти.

Жалпы чыгымдоо суммасы 164 000 (жүз алтымыш төрт миң) сомду түзөт.

“РСК Банк” ААКсы жана “Айыл Банк” ААКсы Кыргыз Республикасынын айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого катышкан саясий партиялардын, талапкерлердин шайлоо фонддорунун атайын эсебин ачуу үчүн банк мекемелери болуп белгиленди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү