Ат-Башы жана Жайыл АШКларынын тутумуна жана резервине өзгөртүү киргизилди

22 июля 2017

КР БШКнын 2017-жылдын 21-июлундагы жыйынында Ат-Башы жана Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын тутумуна жана резервине өзгөртүү киргизилди.

Ошентип, жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан К.Жапаров Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды жана “Республика” саясий партиясынан Р.Нишанова резервден чыгарылып, комиссиянын тутумуна киргизилди.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун өкүлчүлүктүү органынан Г.Өмүрзакова Чүй облусунун Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын тутумунан чыгарылды жана “Республика” саясий партиясынан С.Дильманова резервден чыгарылып, комиссиянын тутумуна киргизилди.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү