КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер катары А.Келдибековду жана К.Ташиевди талапкерликке көрсөткөн «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясынын чечими келип түштү

21 июля 2017

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына А.Келдибековду жана К.Ташиевди талапкерликке көрсөткөн «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясынын 2017-жылдын 18-июлундагы кезексиз XI съездинин чечими келип түштү.

2017-жылдын 21-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары Кыргыз Республикасынын 30 жараны тарабынан өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Малиев, А.Бекназаров, Т.Таласбаева, Д.Токтосунова, С.Жапаров, А.Каримов, Т.Уметалиева).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 6 саясий партия көрсөткөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков - «Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы, А.Келдибеков, К.Ташиев - «Ата-Журт» мекенчил партиясы» саясий партиясы).

Жалпысынан талапкерлердин саны 37.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү