Көңүл буруңуздар! Сайт shailoo.gov.kg тесттик режимде иштеп жатат! Жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз. Сын-пикирлерди: pr.shailoo@gmail.com эл.дарегине күтөбүз. Мурунку сайтка өтүү

КР БШКга С.Ш. Жээнбековду Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары көрсөткөн Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын чечими келип түштү

15 июля 2017

Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын 2017-жылдын 15-июлундагы  чечими менен, Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына С.Ш.Жээнбековду талапкер катары  көрсөткөн чечими келип түштү.

2017-жылдын 15-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз  Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары  Кыргыз Республикасынын  23 жараны тарабынан  өзүн өзү көрсөткөн арыз берилген. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р.Джунусов, Шерикул уулу Мирлан).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өздөрүнүн талапкерлерин 5 саясий партия көрсөткөн. (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясы, С.Жээнбеков-«Кыргызстан социал-демократиялык партиясы» саясий партиясы).

БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү