КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Шерикул уулу Мирландан арыз келип түштү

15 июля 2017

КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары,  Кыргыз Республикасынын жараны, 1971-жылдын 7-июнунда туулган  Шеркул  уулу Мирлан арыз менен кайрылды.

2017-жылдын 15-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерликке өзүн өзү көрсөтүүгө арыз берген, Кыргыз Республикасынын жарандарынын  саны  23кө жетти. (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т. Масадыков, Ө. Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З. Муратбекова, С. Энназаров, С. Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К. Чороев, А. Сартаев, К. Бешбаков, И. Трофимов, М. Жумабеков, У. Кочкоров, Н. Мамедов, Р. Джунусов, Шерикул  уулу Мирлан).

-Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына  өз талапкерлерин көрсөткөн саясий партиялардан 4 чечим келип түшкөн. (Т.Сариев -  «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев-«Өнүгүү-Прогресс» саясий  партиясы, Турсунбек Акун –«Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров -  «Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынан).

КР БШК  аппаратынын  маалыматтык  бөлүмү