КР БШК: Айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулду
14 июля 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 14-июлундагы жыйынында Бакай-Ата, Аксы жана Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссияларынын айрым жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын бошогон мандаттарын кийинки шайланган депутаттыкка талапкерлерге өткөрүп берүү тууралуу чечим бекитилди.
Ошентип:
-Бакай-Ата жергиликтүү кеңешинин депутаты Бакеев Байсеит Дастемкуловичтин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, анын ыйгарым укуктары “Эрешов Сооронкул” дыйкан чарбасынын жетекчиси Төлөшов Данияр Шабдановичке;
-Аксы жергиликтүү кеңешинин депутаты Аманбаев Рахматилла Тажимырзаевичтин берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду, анын ыйгарым укуктары “Келечек ХХ1 кылым” №13-бала бакчасынын тарбиячысы Сапарова Азиза Жолчуевнага;
-Ысык-Ата жергиликтүү кеңешинин депутаты Молдобаев Мирбек Жумашевичтин берген арызына байланыштуу ыйгарым укуктары токтотулду анын ыйгарым укуктары “НБТ” ЧНТ ЖЧКнын кызматкери Насыров Абдирахимжан Уморджановичке берилди.”
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
