Борбордук шайлоо комиссиясы “Адилет” “Укук клиникасы” Коомдук фондусунун жана “Гражданская Платформа” Коомдук фондусунун ишенимдүү өкүлдөрү Жандаев Эмил Жолдошбекович жана Атабаева Мадина Орынтаеваны аккредитациядан өткөрдү.
Алар 2017-жылы 15-октябрда өтүүчү Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо шайлоого даярдыктын жүрүшү, добуш берүүнүн өтүшү, добуш берүүнүн жыйынтыгын жана шайлоонун натыйжасын аныктоого байкоочу катары катышмакчы.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү