КР БШКнын токтому менен "Мамлекеттик тил тууралуу" №57 Жобо күчүн жоготту деп табылды
13 июля 2017
2017-жылдын 13-июлундагы КР БШКнын жыйынында 2011-жылдын 27-июлундагы «Мамлекеттик тил тууралуу Жобо”(№57) күчүн жоготту деп табылды. Ушул документке ылайык Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоону Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы жүргүзүп келген.
Бул документте КР Президентинин кызматына талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же мамлекеттик тилди билүү деңгээлине баа берген мекеме аныктайт деп жазылган “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо” жөнүндө конституциялык Мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу кабыл алынды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
