Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облусундагы айрым айыл өкмөт башчыларын шайлоо дайындалды
11 июля 2017
2017-жылдын 11-июлундагы КР БШКнын жыйынында Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөт, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Кара-Жыгач айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 25-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Ошондой эле Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөт башчысын шайлоо 2017-жылдын 31-июлунда саат 9-00дон 12-00гө дейре өткөрүү дайындалды.
Мурунку айыл өкмөт башчысы Т.Касмалиев берген арызына байланыштуу Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан ээлеген кызматынан бошотулган.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
