Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалды
14 июля 2017
КР БШКнын 2017-жылдын 11-июлундагы жыйынында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысын 2017-жылдын 31-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин шайлоо дайындалды.
Мындай чечим Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрация башчысынын 2017-жылдын 6-июлундагы №54-буйругу менен Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Касмалиев өз ыктыяры менен берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулгандан кийин кабыл алынган.
Шайлоону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уюштуруп, өткөрүү Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү
