КР БШК: Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын үч жаранынан арыз келип түштү

11 июля 2017

2017-жылдын 10-июлунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1985-жылдын 12-февралында туулган, «Империал Девелопмент» ЖЧКсынын башкы директору Бешбаков Куттубек Шамурзаевичтен КР БШКга арыз келип түштү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1975-жылдын 25-декабрында туулган, «Сергий Радонежский жана Айкол Манас атындагы укук коргоо борбору» ЖКЧсынын башкы директору Трофимов Игорь Алексеевич КР БШКга арыз менен кайрылды.

2017-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1971-жылдын 6-майында туулган, убактылуу жумушсуз Жумабеков Максатбек Кадырбековичтен КР БШКга арыз келип түштү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 11-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

- 19 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков).

- 3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партия тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун «Адам укугу» саясий партиясы).

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү