КР БШК: “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу” тууралуу Жобо бекитилди
11 июля 2017
2017-жылдын 10-июлунда КР БШКнын жыйында “Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу” тууралуу Жобо каралып, бекитилди.
Кабыл алынган документке ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төмөндөгү укук актылары күчүн жоготту деп табылды:
-Борбордук шайлоо комиссиясынын 2015-жылдын 31-июлундагы №101-токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу” тууралуу Жобо;
- Борбордук шайлоо комиссиясынын 2016-жылдын 20-октябрындагы №164-токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз жана даттанууларын кароо боюнча Жумушчу тобу” тууралуу Жобо.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
