КР БШКга КР Президенти кызматына талапкер катары Турсунбек Акунду көрсөткөн «Адам укугу» саясий партиясынын чечими келип түштү

09 июля 2017

2017-жылдын 8-июлунда Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына Турсунбек Акунду талапкерликке көрсөткөн «Адам укугу» саясий партиясынын чечими келип түшкөн.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 8-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

- 15 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев).

- 3 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун – «Адам Укугу» саясий партиясы ).

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү