КР БШК: Шайлоо процессинин катышуучуларынын   арыз жана даттанууларын өз убагында жана ачык айкын карап чыгууну камсыз кылуу максатында  аны карап чыгуунун  тартиби бекитилди

09 июля 2017

2017-жылдын 7-июлунда КР БШК «Кыргыз Республикасында шайлоону жана референдумдарды өткөрүү учурунда шайлоочулардын жана шайлоо процессинин башка субъекттеринин (катышуучуларынын) арыздарын (даттанууларын) шайлоо комиссиялары тарабынан кароо тартиби жөнүндө” Жобону (мындан ары-Жобо) бекитти.

Жобо Европа Кеңешинин Венециан комиссиясынын эксперттеринин жана укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн  сунуштарын  эске алуу менен кабыл алынды.

Кыргыз Республикасында шайлоо жана референдум өткөрүүнүн бардык деңгээлинде  шайлоо комиссиялары тарабынан шайлоо процессиинин катышуучуларынын арыз жана даттанууларын  кароо тартиби  аталган Жобо менен жөнгө салынат.

Ошондой эле Жобо арыздардын (даттануулар) формасынын үлгүсүн, электрондук тарипте берүүнүн жана арыз (даттануу) берүүнүн мөөнөттөрү, документтерди кароонун мөөнөттөрү, ошондой эле далилдүү жазуунун тартибин карайт жана Борбордук шайлоо комиссияларынын арыздарды кароонун жыйынтыгы боюнча чечим жана токтомдордун жыйынтыгын чыгарат.

КР БШК өзүнүн  shailoo.gov.kg расмий сайтында шайлоо  комиссияларына түшкөн кайрылуулар тууралуу маалыматтар милдеттүү түрдө жарыялана турган  арыз жана даттануулар менен иштөөнүн автоматтык режимин ишке ашырды.

Бул болсо бардык деңгээлдеги  шайлоо кампаниялары учурунда   шайлоо системасынынын ачык- айкын  иштөөсүн камсыз кылат.

Ар бир арыз берүүчү өзүнүн билдирүүсү кандай даражада каралып жаткандыгын  ведомствонун сайтынын түз эфиринде байкай алат.

Арыз жана даттануулар боюнча кабыл алынган чечимдер КР БШКнын интернет сайтынын электрондук реестрине жайгаштырылат: https://shailoo.gov.kg/ru/claim/registry/1/ 

Бул жерден арыз  же  кайрылуулардын жүрүшүнө  көз салып, кабыл алынган чечимдер менен таанышууга  болот.

Ушул шилтеме боюнча: https://shailoo.gov.kg/ru/claim/registry/1/  билдирүү же арызды “Кайрылуу жөнөтүү” деген бөлүмгө калтырыңыз.

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык кызматы