КР БШК Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин кайра шайлоону дайындады
07 июля 2017
2017-жылдын 7-июлундагы КР БШКнын жыйынында Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин кайра шайлоо боюнча чечим кабыл алынды.
2017-жылдын 6-июлундагы Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэрин шайлоо кворумдун жоктугунан өтпөй калган.
Ушуга байланыштуу мурунку катталган талапкерлер боюнча кайра шайлоону 2017-жылдын 21-июлунда саат 9-00дөн 12-00гө чейин өткөрүү дайындалды.
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кайра шайлоону өткөрүү Таш-Көмүр аймактык шайлоо комиссиясына тапшырылды.
КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү
