БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу К.А.Чороевден арыз келип түштү

07 июля 2017

2017-жылдын 7-июлунда БШКга Кыргыз Республикасынын Президенттик кызматына өзүн өзү талапкерликке көрсөтүү тууралуу Кыргыз Республикасынын жараны, 1981-жылы 29-сентябрда туулган “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу” КФнын Башкаруунун төрагасы Чороев Кубан Аманбековичтен арыз келип түштү.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын 7-июлуна карата Борбордук шайлоо комиссиясына:

-15 жарандан Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн өзү талапкер катары көрсөтүү арызы келип түшкөн (Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р. Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев).

-2 жаран Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына талапкер катары саясий партиялар тарабынан көрсөтүлгөн (Т.Сариев - «Ак-Шумкар» саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы).

КР БШКнын аппаратынын маалыматтык бөлүмү