КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган 34 жалпыга маалымдоо каражаттарды жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү

06 июля 2017

КР БШК Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган, жана КР БШКга тиешелүү документтерди тапшырган 34 жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациядан өткөрдү.

Алардын ичинен:

-11 телевидение;

-5 радио;

-13 газет-журнал;

-5 интернет-басылма.

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамдын 22-беренесинин 20-бөлүмүнө ылайык, шайлоо өткөрүүдө берилген эфирдик убакытты, басылма аянтты же интернет-басылмада жарыялоо укугун төлөөнүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү телерадио берүү уюму, мезгилдүү басылманын редакциясы, интернет-басылманын ээлик кылуучусу 20 календардык күндөн кечиктирбестен аккредитациядан өтүүгө тийиш. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо үгүткө катышууну каалаган ЖМК жана интернет-басылмалардан документтерди кабыл алуу 2017-жылдын 4-июлунда саат 18:00до аяктаган.

2017-жылдын 7-июлуна чейин ЖМКлар жана интернет-басылмалардан мурун (14-июндан 4-июлга чейин) кабыл алынган документтерди толуктоо иштери жүргүзүлөт.

2017-жылдын 5-июлуна карата 136сы аккредитациядан өттү.

Негизинен 14-июндан 4-июлга чейин Борбордук шайлоо комиссиясына ЖМК жана интернет-басылмалардан 254 кайрылуу түшкөн, алардын ичинен:

-195и документтерин толук берген;

-59нун документтери толукталууда.

КР БШК аппаратынын маалыматтык бөлүмү